Жалдагы үрөй учурган мушташ. Жабырлануучулар ооруканадан чыкты, эми соттук отурум башталат

Жалдагы үрөй учурган мушташ. Жабырлануучулар ооруканадан чыкты, эми соттук отурум башталат

Бишкектин Жал кичи районундагы үрөй учурган мушташта сабалган эки жаран ооруканадан чыкты. Бул тууралуу сабалган балдардын жакындары билдиргенин «super.kg» жазды.

Маалыматка ылайык, ооруканадан жабырлануучулардын чыккандарына эки жумадай болуп калган. Алардын бирин Ат-Башы районуна туугандары алып кетсе, бири Бишкекте. Экөөнүн абалдары туруктуу. Ошондой эле бул иш боюнча биринчи соттук отурум ноябрь айында боло турганын билдирет сабалган балдардын жакындары.

Эскерте кетсек, 28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ орун алган. Тагыраагы, анда Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Бул окуя боюнча шектүүлөр 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жарандар кармалган. Ал эми булардын бир тууган агасы Казыбек Бапышов 10-сентябрда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>