ЖАМК: №3 абакты кайтарган жоокер жүрөк оорудан каза болушу мүмкүн

ЖАМК: №3 абакты кайтарган жоокер жүрөк оорудан каза болушу мүмкүн

Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде аскердик кызмат өтөп жатып, токко урунуп каза болду делген  жоокердин сөөгүнө дарыгерлер кароо жүргүзүштү. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

«Соттук медициналык экспертизанын болжолдуу жыйынтыгына караганда, жоокер жүрөк оорудан улам каза болушу мүмкүн.  Экспртизанын жыйынтыгы толук чыккан соң жоокердин өлүмүнүн чыныгы себеби белгилүү болот. Бул факты боюнча Бишкек горнизондук аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, сотко чейинки өндүрүш баштаган. Жоокер 4-ноябрь күнү саат 15:45 чамасында өзүн жаман сезип кулаган. Жардамга келген дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес», -деп жазылат мекеме тараткан маалыматта.

Каза болгон Р.Б. аттуу жоокер 1999 жылы туулган Жалал-Абад обулусунун тургуну.  Ал 2018-жылы аскерге чакырылган. Жоокер Новопокровкадагы №3 абактын сыркы бөлүгүндөгү инженердик-техникалык жабдыктарын карап, кызмат өтөп келген.

Буга чейин ЖАМК жоокер токко урунуп каза болгонун айтышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>