ЖАМК: Равшан Жээнбековдун камерасынан үч телефон табылды

ЖАМК: Равшан Жээнбековдун камерасынан үч телефон табылды

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жээнбеков отурган камерадан 3 телефон табылган. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, кызматкерлер 28-январь күнү саат 21:30дан 22:30га  чейин  №1 тергөө абагындагы №307 камерага пландык эмес тинтүү ишин жүргүзүшкөн. Текшерүү учурунда  жашылча-жемиш сакталган кутунун ичинен эки, кир самындын ичинен дагы бир телефон табылган. Телефондордун барында сим-карта болгон.

Мекеменин кызматкерлери табылган буюмдар боюнча акт түзүп, кызматтык териштирүү баштаган.

Ошондой эле ЖАМК Жээнбековдун маалыматы чындыкка дал келбейт турганын билдирди.

Буга чейин Равшан Жээнбековдун жактоочусу Замир Жоошев саясатчынын камерасына абак кызматкерлери текшерүү жүргүзүп, ага орой мамиле кылышканын айткан.

сүрөт: azattyk

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>