ЖАМКнын дагы бир жоокери каза болду

ЖАМКнын дагы бир жоокери каза болду

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караган Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде  дагы бир жоокер каза болду.

ЖАМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, жоокер 5-ноябрь күнү кечки саат 21:30 чамасында каза болгон.

“19 жаштагы кенже сержант Кадамжай районунунан аскерге чакырылган. Ал өзүн жаман сезип жатканын айтып, жерге кулап түшкөн бойдон өзүнө келген эмес. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Аскер прокуратурасы сержанттын өлүмүнүн себептерин изилдеп баштады”,  — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 4-октябрь күнү Новопокровкадагы №3 абакты кайтарган  Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин дагы бир жоокери  каза болгон.

ЖАМК адегенде жоокер токко тартылып каза болгон деп, кийин жүрөк оорудан улам каза болушу мүмкүн деген маалымат тараткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>