ЖАМКнын жаш жоокерлери ант беришти — сүрөт

ЖАМКнын жаш жоокерлери ант беришти — сүрөт

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК)  Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде күз мезгилинде аскерге чакырылган 300 жаш жоокер аскердик ант беришти. Бул тууралуу аталган түзүмдүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жоокерлердин ант берүүсүнө ЖАМКнын төрагасы Мелис Турганбаев, Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жетекчиси Улан Бердикожоев жана башка кызматташ күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, жоокерлердин ата-энелери менен жакындары күбө болушкан.

Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жоокерлери кылмышкерлер жаза өтөп жатышкан түзөтүү мекемелерин кайтаруу, оор кылмыштарды жасаган кылмышкерлерге карата жүрүп жаткан сот процесстерин камсыздоо, түзөтүү мекемелерине атайын автоунаа менен ташуу милдеттерин аткарышат.

Жоокерлер кылмышкерлерди ээн жерде да конвой менен айдап узатып, өз жеринин тынчтыгы үчүн кызмат өтөшөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>