Жанар Акаев: Акыйкатчы Токон Мамытов карапайым элдин тарабындагы эмес, бийликчил акыйкатчы болууда

Жанар Акаев: Акыйкатчы Токон Мамытов карапайым элдин тарабындагы эмес, бийликчил акыйкатчы болууда

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңеште акыйкатчынын 2018-жылдагы адам укуктарын коргоо боюнча отчету угулду. Анда депутат Жанар Акаев Кыргызстанда туш тарапта акыйкатсыздык экенин айтты.

Депутат акыйкатчы Токон Мамытов карапайым элдин тарабындагы эмес, бийликчил акыйкатчы болуп жатканын билдирди.

«Азыр Кыргызстанда бардык тармактарда акыйкатсыздык, адилетсиздик орун алган. Эмнегедир ушундай учурда сиздин үнүңүз катуу чыкпай жатат. Сиз накта карапайым элдин кызыкчылыгын көздөгөн акыйкатчы болушуңуз керек эле. Бирок сиз бийликчил акыйкатчы болуп жатасыз. Курсан Асановду ички тиреш, ички интриганын айынан кызматтан алып, азыр эч нерсе таба албай убара болуп атасыңар. Баткенде кечээ ошондой генералдар керек эле. Чек араны айтып чыккан жергиликтүү кеңештин депутаттарын суракка алып жатасыздар. Ошолор туура айтып, эки күн мурун коңгуроо каккан экен. Бизде ушундай туш-тарапта адилетсиздик орун алууда», — деди эл өкүлү.

Мындан тышкары Жанар Акаев укук коргоо органдары элдин бийликке болгон ишенимин кетирип жатканын, прокуратура, милиция, сотто акыйкатсыздык орун алып жатканын белгиледи.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>