Жангарачева: Мен кызматкерлеримди коргоо үчүн жумуштан кеттим

Жангарачева: Мен кызматкерлеримди коргоо үчүн жумуштан кеттим

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинин мурдагы директору Мира Жангарачева кызматтан кеткени тууралуу Reporter.kg`ге түшүндүрмө берди.

Ал өз кызматкерлерин коргоо үчүн кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын айтты.

«Кызматкерлериме коркутуулар болуп жатат. Мен окуя мынчалык чуу жаратат деп ойлогон эмесмин. Биздин коом барын артка кайтаргысы келет, бирок прогресс керек да. Биз дайыма аялдар жана алардын укугу тууралуу айтып туруубуз керек”, — деди Жангарачева.

Белгилей кетсек 28-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде жылаңач денесин көрсөткөн кыздардын иш чарасы болуп өткөн.

 Бул көрүнүш  социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан кызуу талкууга алынып, интернет колдонуучулары музей жетекчилигинин кызматтан кетүүсүн талап кылган. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>