Жапонияда аптаптуу ысык ондогон адамдын өмүрүн алды

Жапонияда аптаптуу ысык ондогон адамдын өмүрүн алды

Жапонияда  22-28-июлдь аралыгында болгон аптаптуу ысыктан 11 адам көз жумуп, 6 миңге жакын адам ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу “ТАСС” агенттиги жазды.

Күнчыгыш өлкөсүндө жайдын биринчи айы жамгырлуу жана салкын болгон. Ал эми июль айында абанын температурасы кескин жогрулаган.

Ысыктан жабыркагандар менен каза болгондордун басымдуу бөлүгү улгайган адамдар. Жергиликтүү бийлик тургундарды көбүрөөк суу ичүүгө жана күн астындө көп жүрбөөгө чакырат.

Белгилей кетсек, 2018-жылы Жапонияда катуу ысыктан 150ден ашык адам көз жумган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>