Жапонияда коронавирус жуктуруп алды делген кыргызстандык карантинге алынган кеменин жумушчусу

Жапонияда коронавирус жуктуруп алды делген кыргызстандык карантинге алынган кеменин жумушчусу

Жапонияда коронавирус жуктуруп алды делген кыргызстандык  Йокохама портунда токтоп турган круиздик лайнерде 4 жылдан бери иштейт.

Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кемедеги мекендеш менен байланышып, анын саламаттыгы тууралуу жазып чыкты.

Ал коронавирус жуктуруп алганы боюнча маалыматты четке кагып, аты-жөнүн ачыктоодон баш тарткан.

«Көбүрөөк иштөөгө туура келерин түшүнүп турдук. Андан кийин даярдык көрүп, кеменин ичиндеги жүргүнчүлөр изоляцияланды. Текшерүүдөн өткөрүп, ага чейин ооруган бейтаптарды дароо госпиталга алып кетишти. Иштегендер да өз-өзүнчө бөлүнүп, ресторан менен рум-сервиз жана анда иштеген ашпозчулар эле калды», — деп айтып берген кыргызстандык жаран.

Мекендеш жумуштун басымдуу бөлүгү официанттарга туура келгенин белгиледи. Анын айтымында, жүргүнчүлөр менен официанттар гана сүйлөшө алган. Алардын кимиси вирус жуктуруп алганы белгисиз эле.

«Барган сайын официанттардын саны азая берди. Вирус жуктуруп алышы мүмкүн делгендерди алып кетип жатышты. Мен кемеден кетип кала алган жокмун, досторум, кесиптештеримдин бири да кеткен жок. Ушундай кыйын кырдаалда кантип басып кетет элек. Айтор кете албай койдум. Жүргүнчүлөргө тамак ташып келип, алардын абалын көрүп жаттык, көбүнүн ыйлаганына күбө болдук. Ушунчалык боорум ооруду. Бирок мен деле алар менен чогуу болчумун да. Капитаныбыз колдоо көрсөтүп, биздин эрдик жасап жатканыбызды айтып, биздин дарекке жолдонгон ыраазычылык каттарды окуп берип жатты», — деген мекендеш.

Мекендештин айтымында, аны кимдир бирөө издейт деп деле ойлогон эмес.

«Мени Кыргызстандын консулдугу издейт деп ойлобоптурмун. Бирок таап, сүйлөшүп, мага колдоо көрсөтүп жатышат. Баарынын эле элчиликтери байланышка чыгып, жардам беришүүдө», — деген ал.

Соңку маалыматтар боюнча, лайнердин ичинде 3 400 адам болгон, ал эми коронавирус жуктургандардын саны 450гө жеткени айтылат.

Жапонияда коронавирустан улам карантинге алынган Diamond Princess саякат кемесиндеги вирусту жуктуруп алгандардын арасында кыргызстандык бар экенин  World of Cruising журналы жазып чыккан.

Көп өтпөй Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктын коронавирус жуктуруп алганын четке кагып, болгону ал вирусту жуктуруп алууга шектелип жатканы тууралуу билдирүү тараткан.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>