Жапониянын футбол боюнча курама командасы Бишкекке келди

Жапониянын футбол боюнча курама командасы Бишкекке келди

Жапониянын футбол боюнча курама командасы 14-ноябрда Кыргызстандын курама командасы менен өтө турган кезектеги беттешин өткөрүү үчүн Бишкекке келди.

Кыргызстандын Футбол федерациясы билдиргендей, бүгүн  бир катар оюнчулар, машыктыруучулар жана медицина кызматкерлери келген.

Ал эми Жапониянын  чет элдик клубдарда ойногон оюнчулары 12-ноябрда келет.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Жапония 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында беттешет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>