Жарандын 40 миң долларын алдап кеткен, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жарандын 40 миң долларын алдап кеткен, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бишкек шаарынын Дордой базарынын борбордук өтмөгүнөн контейнер сатып алып беребиз деп, жарандын ишенимине кирип, 40 миң долларын алдап алып кеткен киши кармалды.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, 6-декбарь күнү милицияга Р.Т. аттуу адам кайрылып, ишенимине кирип алып, кча каражатын алып качып жүргөн жаранга карата чара көрүүнү суранган.

Арыз ээсинин айтымында, шектүү акчаны жакын досум менен ушул жылдын 22-мартында Бишкектин Жусуп Абдырахманов көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруу пунктунун жанынан алып кетен.

Ошол күндөн бери бул жарандар контейнерди сатып бербей же акча каражатын кайтарып бербей качып жүрүшкөндүгү белгилүү болгон.

Криминалдык милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, 9-декбарь күнү бул ишке шектүү катары  уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 1979–жылы туулган К.Т. аттуу адам кармалган.

Бул факты Жазык кодексинин “Адамчылык” беренесинде каралган кылмыш курамы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Учурда шектүү шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>