Жасалма номурлуу унаалардын сүрөтүн тараткан жалданма-оператор камакка алынды

Жасалма номурлуу унаалардын сүрөтүн тараткан жалданма-оператор камакка алынды

Интернетке тараган «Мерседес» үлгүсүндөгү 01KG 578 ACD мамлекеттик номерлүү чуулгандуу автоунаалардын сүрөтүн чыгып жиберген, Жол коопсуздук кызматынын Мониторинг борборунун кызматкери камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Буга чейин Ички иштер министрлиги аталган окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, Маниторинг борборунун эки кызматкери жумуштан алынгандыгын билдирген эле.

Териштирүүнүн жүрүшүндө А.А. аттуу кызматкер кызматтык маалыматты  өзүнүн компьютерине көчүрүп алып, андан соң «WhatsApp» мобилдик тиркемеси аркылуу башка адамдарга жөнөткөндүгү аныкталган.

13-декабрь күнү А.А. Жазык кодексиндеги «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Компьютердик маалыматка укук ченемсиз жеткиликтүүлүк» беренелери менен кылмыш ишине шектелип,  Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>