Жеңиш чокусунда жоголгон казак альпинисттери изделүүдө

Жеңиш чокусунда жоголгон казак альпинисттери изделүүдө

Жеңиш чокусунда дайынсыз жоголгон казакстандык 3 альпинист изделип жатат.  “Хабар” агенттиги жазгандай, алар  18-августтн бери дайынсыз болууда.

Маалыматтарга караганда, алардын бири Александр Чечулин деми кысылып каза болгон.

Ал эми Мурат Отепбаев, Андрей Корнеевди издөөгө Казакстандын Корго министрлигинин жоокерлери жана Кыргызстандын “Ак-Сай Тревел” компаниясынын альпинисттери тартылган.

Бүгүн, 20-августта Казакстандын Ми-171 тик учагы менен 3 аскер Түштүк Эңилчек базасына келип конгон. Алар тик учак менен 4400 метр бийиктикке көтөрүлүп, андан ары издөө иштерин жөө жүргүзүшөт.

Буга чейин Ленин чокусунан Орусиялык альпинист жоголуп, 10 күнгө жакын убакыттан соң сөөгү табылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>