Жеңиш Разаков «Азия Ньюс» гезитин сотко берди

Жеңиш Разаков «Азия Ньюс» гезитин сотко берди

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков ар намысыма жана кадыр баркыма доо кетирди деп «Азия Ньюс» гезитин сотко берди. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Вице-премердин сотко кайрылышына басылманын  Жеңиш Разаковдун Тажикстан атайын кызматтарына тиешеси бар делген маалыматты жарыялаганы себеп болгон.

Ал басылмадан ар намысына шек келтирди деп 10 млн сом доого жыгууну көздөп жатат.

Белгилей кетсек, «Азия Ньюс» гезити азыркы тапта Ички иштер министри Кашар Жунушалиев жана ИИМдин 7-башкармалыгынын башчысыы менен да соттошууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>