Жеңиш Разаков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Жеңиш Разаков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кытайдын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Солтон-Сары кенинеде болуп өткөн окуяларды тезинен жөнгө салуу боюнча пикир алмашышканю.

Разаков баса көрсөткөндөй, Өкмөт инвесторлордун да, ошондой эле жергиликтүү калктын да кызыкчылыктарын коргоонун маанилүүлүгүн түшүнөт жана бардык талаштар укуктук негизде, турмуштук жагдайды саясий нукка бурбай чечилиши керек деп эсептейт.

 Ал ошондой эле ички иштер органдары окуянын чоо-жайын тыкыр, объективдүү иликтөө жүргүзүлөрүн айткан.

Белгилей кетсек,  5-августта Солтон-Сары кенине 500 адам барып, кендин жабылышын талап кылган.  Бирок кытайлыктар жергиликтүүлөрдү таш менен ургулаган. Мындан улам эки тараптын ортосунда чыр чыккан. Жыйынтыгында жабыркагандар аймактык ооруканага жеткирилген.

Бүгүн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновбаш болгон бийлик жетекчилери жергиликтүү эл менен жолугуу үчүн окуя болгон аймакка барган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>