Жеңиш Разаков кызматтан алынды

Жеңиш Разаков кызматтан алынды

Жеңиш Разаков вице-премьер-министр кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Жеңиш Разаков 2016-жылдын  июнь айында чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министр болуп дайындалган.

2017-жылдын августь айында Коопсуздук кеңешинин катчысы болгон.

2018-жылдын апрель айында кайрадан вице-премьер-министр болуп дайындалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>