Жээнбеков коронавируска байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады — видео

Жээнбеков коронавируска байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады — видео

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө коронавирус илдети катталгандыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Өлкө башчысы элди тартипти сактоого чакырып, коомдун саламаттыгы үчүн ар бир жаран жоопту экенин айткан. 

“Дүйнөлүк коомчулук менен бирге, биз дагы коронавируска каршы күрөшүү үчүн орчундуу сыноого туш келдик. Тилекке каршы, биздин өлкөбүздө да, бул илдетти жуктурган адамдар аныкталды. Азыркы учурда өлкөдөгү медициналык кырдаал толук бойдон көзөмөлдө турат.  Мен баарыңыздарды тартипти катуу сактоого чакырам. Ар бир үй-бүлө өздүк гигиенанын  талаптарын толук аткарышы абзел.Зарылдыгы жок болсо, үйдөн чыкпай, башкалар менен жолугууну максималдуу кыскартуу зарыл”, — деген өлкө башчысы.

Мындан сырткары Жээнбеков коомдун тынчтыгын бузууга аракет кылгандар жазаланарын эскертип өткөн.

“Чайкоочулук кылам дегендер, тамак-аштын жана дары-дармектин баасын негизсиз көтөргөндөр көз жаздымда калбай жоопкерчиликке тартылат. Азыр ар бир мекендешибиз өз кызыкчылыгын көздөбөй, элибиз аман болсун, эл арасында мен аман болоюн“ деген түшүнүктү бекем кармануусу зарыл”, — деген мамлекет башчысы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>