Жээнбеков менен Рахмон Ак-Сай Ворух айылдарынын чек арасында жолугушту

Жээнбеков менен Рахмон Ак-Сай  Ворух айылдарынын чек арасында жолугушту

Бүгүн, 26-июлда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ак-Сай менен Ворух айылынын чек арасында жолугушту. Бул тууралуу  “Азаттык” жазды.

Эки өлкөнүн башчылары чек арага жакын жайгашкан айылдардагы жашоочулар менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Президент Сооронбай Жээнбековду Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жана  вице-премьер-министр Жеңиш Разаков коштоп барды.

Буга чейин Президенттин басма сөз кызматы Сооронбай Жээнбеков 26-июлда Баткендеги Ак-Сай айылында жашоочулар менен жолугушканын билдирген.

Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү Чолпон-Ата шаарында улантылат.

Белгилей кетсек, 22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атылган. Жаңжалдан бир нече адам жабыркаган. Кырдаалды  жөнгө салуу жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында бир нече жетекчилер жаңжал чыккан аймакка барган.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>