Жергиликтүү кеңешке жогорку билимдүүлөр гана депутат болот деген сунуш сынга алынды

Жергиликтүү кеңешке жогорку билимдүүлөр гана депутат болот деген сунуш сынга алынды

Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору колдоо тапкан жок.

«Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын макамы жөнүндө» мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр ушул тапта биринчи окууда каралып жатат. Демилгечи Акылбек Жапаровдун айтымында, документте жергиликтүү кеңешке жогорку билимдүүлөр гана депутат болот деген норма каралган. Бирок бул өзгөртүүнү төрага Дастан Жумабеков баштаган депутаттар сынга алды.

«Жергиликтүү кеңешке депутат болууга бул талаптын кереги жок. Анткени айылда жашаган жигиттердин, кыздардын, эже-агалардын жогорку билимдүүлөрүнүн бардыгы шаарда же башка жактарда жүрөт. Айылдагы тың чыккан фермер же мыкты бир шофер, коомдук ишмерлер эмне үчүн айылдык кеңешке депутат боло албаш керек? Эмне үчүн биз алардын укугун чектешибиз керек? Билимдүү адам керек десек, анда мектеп директорлоруна, башкы дарыгерлерге мүмкүнчүлүк берели депутат болушка. Билими жок эле элге кызмат кылгандар бар», — деди төрага.

Жапаров төраганын сунушу эске алынарын белгилеп, экинчи окууда бул норманы алып салышарын кошумчалады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>