Жети-Өгүздө райондук прокурордун орун басары менен тергөөчү кармалды

Жети-Өгүздө райондук прокурордун орун басары менен тергөөчү кармалды

Жети-Өгүз райондук прокурорунун орун басары жана райондук милициянын тергөөчүсү пара алып жаткан учурунда кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсузудк мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда прокурор менен  тергөөчү кылмыш иши козголгон жарандын ишин кыскартуу үчүн 100 миң сом өлчөмүндө пара талап кылып, 60 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алган.

 Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин (пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адамдар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти, учурда тиешелүү тергөө ыкчам иштери жүрүп жатат

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>