Жидда аэропортунда умра зыяратына барган 80 жаштагы өзбекстандык карыя алданып акчасыз калды

Жидда аэропортунда умра зыяратына барган 80 жаштагы өзбекстандык карыя алданып акчасыз калды

Жидда аэропортунда умра зыяратына барган 80 жаштагы өзбекстандык карыя алданып акчасыз калган. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, өзбек жараны Сауд Арабиясына умрага баруу үчүн жеке адамдар менен макулдашкан. Алар карыяны мейманкана, тамак-аш менен камсыз кылып, ар дайым коштоп жүрө тургандыктарын убадалашкан. Бирок 1-январда Жидда шаарына учуп барганда аны эч ким тосуп алган эмес.

Өзбекстандын Башкы консулдугу бул өлкөнүн Ажылык жана умра иштери боюнча министрлигинин колдоосу менен алданып калган өзбек жаранына тиешелүү жардам көрсөткөн. Учурда ал кичи ажылык зыяратын аткарууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>