ЖК жергиликтүү кеңешке депутат болгон мектеп директорлорун иштен бошотууну сунушташууда

ЖК жергиликтүү кеңешке депутат болгон мектеп директорлорун иштен бошотууну сунушташууда

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын макамы жөнүндө» мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат. Аталган мыйзам долбоору парламенттин расмий сайтында коомдук талкууга чыгарылды.

Мыйзам долбоорунда Кыргызстанда мектеп директорлору менен башкы дарыгерлер жергиликтүү кеңештин депутаттыгына шайланса, алардын кызматын өткөрүп берүүгө милдеттендирилет. Бул долбоордо мектеп директорлору депуттык ишин бир алып кете албайт. Анткени алар мамлекеттик бюджеттен каржыланат.

Буга чейин мектеп директорлору менен жергиликтүү ооруканалардын жетекчилери жергиликтүү кеңешке шайланган соң өз ишин уланта беришчү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>