ЖККУнун кезектеги сессиясында бир катар документтерге кол коюлду — тизме

ЖККУнун кезектеги сессиясында бир катар документтерге кол коюлду — тизме

Бүгүн, 28-ноябрда Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы өттү. Аталган сессия Кыргызстандын төрагалыгынын алдында болду.

Ага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Беларусиянын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикистан президенти Эмомали Рахмон, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана ЖККУ башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков катышты.

Жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.

  1. Глобалдык жана регионалдык коопсуздукту бекемдөө максатында эл аралык өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты өркүндөтүү жөнүндө Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин Билдирүүсүнүн долбоору жөнүндө;
  2. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согушта Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоо боюнча иш чаралардын планы жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;
  3. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;
  4. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңеши жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;
  5. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун органдарынын процедуралар Эрежесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;
  6. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «БУУнун 2019-2021-жылдарга Глобалдык контртеррористтик стратегиясын ишке ашыруу боюнча Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин жамааттык аракеттеринин Планы жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;
  7. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Тажик-афган чек ара боюндагы чыңалууну азайтууга багытталган кошумча чаралардын Тизмеги жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;
  8. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин коргоо-өнөр жай (аскерий-өнөр жай) комплекстеринин ишканаларынын жана уюмдарынын ортосундагы кооперациялык жана интеграциялык байланыштарды өнүктүрүү чөйрөсүндөгү базалык уюм жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;
  9. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында биргелешкен илимий-изилдөөчүлүк жана тажрыйба-конструкторлук иштерди уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;
  10. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин туруктуу аракеттеги операциясы („ПРОКСИ“ операциясы) жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;
  11. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Коргоо министрлер Кеңеши жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;
  12. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Бюджетинин аткарылышы тууралуу Отчет жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;
  13. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2020-жылга карата Бюджети жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;
  14. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;
  15. Уюмга төрагалык кылуу, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сесиясын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>