Дастан Жумабеков: Өлкөнүн өнүгүүсүнө саясий туруктуулук маанилүү

Дастан Жумабеков: Өлкөнүн өнүгүүсүнө саясий туруктуулук маанилүү

Жогорку Кеңештин депутаттарынын эл менен жолугушуу айынын алкагында  төрага Дастанбек Жумабеков Ноокен районунун тургундарынын ойлорун укту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Эл алдында сүйлөгөн сөзүндө төрага парламент кабыл алган мыйзамдар га жана саясий туруктуулуктун маанилүүлүгүнө токтолду.

«Акыркы убактарда ар түрдүү чындыкка коошпогон сөздөр айтылып,  каралоо болуп жатат. Мунун баары өлкө экономикасына кедергисин гана тийгизет. Сиздер талап кылган долбоорлор ишке ашпай калат. Бизге азыркы учурда өнүгүү үчүн саясий туруктуулук маанилүү», — деп белгиледи Жумабеков.

Жергиликтүү элге суроо берүүгө мүмкүнчүлүк тузулүп, алар орчундуу маселелерди төрагага жеткиришти. Бишкек-Ош жолунун Маданият-Жалал-Абад тилкеси качан оңдолот деген суроо коюлду. Төрага аталган жолду реконструкция кылуу боюнча донорлор менен макулдашууну парламент ратификациялап бергенин билдирди.

«Жалал-Абад- Маданият жолун оңдоого каражат да бөлүнгөн. Бул жол 2021-жылга бүткөрүлүшү керек. Бирок, субподрядчик менен подрядчиктин ортосунда келишпестик орун алган жайы бар, — деп уктум. Мындай маселелер ишти артка тартпашы зарыл», — деп кошумчалады спикер.

Ноокендиктер таза суу, айыл өкмөттөүндөгү коррупциялык иштер, ишкерлерди колдоо, жергиликтүү кеңештерге шайлоо тууралуу  маселелерди козгошту. Ал эми спикер айтылган маселелер тиешелүү өкмөттүн өкүлдөрүнө жеткирилерин убадалады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>