ЖКтин депутаттары Ысык-Көлдөгү улутташтырылган пансионаттардын абалына нааразы болушту — фото

ЖКтин депутаттары Ысык-Көлдөгү улутташтырылган пансионаттардын абалына нааразы болушту — фото

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева Ысык-Көл облусундагы пансионаттардын абалы боюнча Твиттер баракчасына сүрөттөрдү жайгаштырды.

Парламеттик көчмө жыйында эл өкүлдөрү Ысык-Көлдөгү  «Золотые пески», «Витязь», «Рохат» пансионаттардын абалы менен таанышып келишкен.

Сурабалдиева бул эс алуу жайлардын абалы менен кантип киреше табылсын деген нааразычылык пикирин билдирген.

«2010-жылы «Витязь» пансионаты улутташтырылган. Ал эми Өзбекстанга таандык болгон «Рохат», «Золотые пески», «Дилором» жана  «Бустон» пансионаттары  2016-жылы Темир Сариев өкмөт башчы болуп турган учурда Кыргызстандын карамагына өткөргөн.  Андан кийин «Рохат» — «Алтын жай», «Дилором» — «Эне-Сай» жана «Золотые пески» — «Бостери» болуп өзгөргөн.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>