Жогорку Кеңештин төрагасы Талас облусуна иш сапары менен барды

Жогорку Кеңештин төрагасы Талас облусуна иш сапары менен барды

Бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Талас облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, төрага алгач Талас районуна караштуу Чат-Базар айылында жайгашкан Каракойчу Токтогулов атындагы аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышына катышты.

Белгилей кетсек, 10 киши жатып дарыланууга ылайыкташкан оорукана имараты 13 млн 451 миң сомго бүткөрүлгөн. Учурда анда жети дарыгер эмгектенет.

“Бул жаатта алгылыктуу иштерди жасоо мамлекетибиздин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Анткени, саламат коом менен гана өнүккөн өлкөнү кура алабыз” ,– деди.

Андан соң Төрага Дастанбек Жумабеков Манас айылында жеке ишкер Дамира Молдоярованын көмөгү менен курулган кум-таш майдалоочу кичи заводдун ачылышына барды.

Эскерте кетсек, аталган завод саатына 80 тонна кум-ташты жууп чыгарат жана учурда 11 адам эмгектенет. Ал эми жеке ишкер Дамира Молдоярова ишкананы дагы кеңейтип, жумушчулардын санын көбөйтүүнү мерчемдеп жатканын кошумчалады. 

Фото: Жылдыз Жолдошбаева

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>