Жогорку Кеңеш жарандардын даттанууларын кабыл алуу үчүн атайын электрондук почта ачты

Жогорку Кеңеш жарандардын даттанууларын кабыл алуу үчүн атайын электрондук почта ачты

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети жарандардан даттанууларды кабыл алуу үчүн атайын электрондук почта ачты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган комитет электрондук почтаны өзгөчө абал учурунда жарандардын даттанууларын ыкчам чечүүнү жолго салуу максатында ишке киргизүүдө.

“Жарандар менен эффективдүү жана үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуу үчүн, даттанууларды жана мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары тарабынан жасалган айрым мыйзам бузууларга карата тез аранын ичинде чара көрүүнү талап кылган кырдаалдар жөнүндө каттарды жана маалыматтарды кабыл алуу үчүн атайын электрондук почта ачып жатат.

Сиздердин каттар каралып, өз убагында чара көрүү жана чечим кабыл алуу үчүн прокуратура органдарына жана башка мамлекеттик органдарга жиберилет. Кайра байланышуу үчүн, катыңызда өздүк маалыматтарыңызды калтырууну суранабыз”, — деп маалымдашты басма сөз кызматы.

Кайрылуулар үчүн электрондук почта: pravoporyadok7@gmail.com

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>