Жогорку Кеңеш Конституциялык палатанын үч судьясын кызматынан бошотуу сунушун жактырды

Жогорку Кеңеш Конституциялык палатанын үч судьясын кызматынан бошотуу сунушун жактырды

Жогорку Кеңеш Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары Эркинбек Мамыровду, Мээргүл Борбукееваны, Мукамбет Касымалиевди кызматынан бошотуу жолу менен ыйгарым укуктарын токтотуу сунушун жактырды. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда жалпы жыйында Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, алардын 7 жылдык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу ушундай чечим кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Конституциялык соттун курамы 11 судьядан турат. Ушу тапта анда кворум жок, 5 ваканциялык кызмат оруну бош турганына байланыштуу азырынча 6 судья гана иштеп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>