Жогорку Кеңеш Кыргызстандын аймагында уран, торий кендерин иштетүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын аймагында уран, торий кендерин иштетүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды

Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынды.

Аталган мыйзам долбооруна эл өкүлдөрүнүн 111и каттодон өтүп, 110 «макул»,  1 «каршы» добуш . Каршы добушту КСДП фракциясынан депутат Азамат Арапбаев берди.

Мыйзам долбоору кечээ, 30-октябрда Жогорку Кеңеште 3-окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлгөн болчу.  

Бул долбоордун максаты уран, торий аралашкан кендерди изилдөө, чалгындоо, иштетүүдөн сырткары, сырттан алып кирүүгө дагы тыюу салынат. Ошондой эле бул багытта берилген лицензиялар жокко чыгарылат.

Учурда Кыргызстандын аймагында аталган багыт боюнча 17 лицензия бар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>