Жогорку Кеңеште «Ата-Мекен» фракциясы Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн абалын талкуулашты

Жогорку Кеңеште «Ата-Мекен» фракциясы Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн абалын талкуулашты

Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин “Ата-Мекен” парламенттик фракциясынын кезектеги жыйынында Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн абалы жана ага байланышкан мыйзам долбоорун иштеп чыгуу маселелери талкууланды.

Мөңгү таза суу булагы, адам өмүрүнө өтө зарыл болгон табият белеги экенин айткан депутат Наталья Никитенко бул багытта мыйзам кабыл алуу зарылчылыгын кошумчалады.

Ал эми депутат Эмиль Токтошев: “Мамлекеттик гимнибиз да “ак мөңгү” сөзүнөн башталат. Ала-Тообузду да мөңгүсүз элестетүү кыйын. Андыктан, бул жаатта алгылыктуу иштерди баштап, мөңгүнү коргоо жана натыйжалуу пайдалануу маселесине тиешелүү мыйзам долбоорун кабыл алышыбыз зарыл”, – деди.

Жыйында мөңгүнү изилдеп жүргөн коомдук уюмдардын өкүлдөрү баяндама жасап, жылдан-жылга өлкөбүздөгү мөңгүлөрдүн көлөмү азайып бара жатканын билдиришти. Белгилүү болгондой, Кыргызстанда 6683,9 чарчы километр аянтты түзгөн 9959 мөңгү бар.

Аларды коргоо багытталган мыйзам долбоору 2014-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, бирок президенттин каршылыгы менен артка кайтарылган.

“Андыктан, жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгуудан мурун, ошол мыйзамды кайрадан карап чыгып, кемчиликтерин жоюу менен кабыл алуу керек” – дейт депутаттар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>