Жогорку Кеңеште Чек ара кызматын өлкөнүн түштүк аймагына которуу керектиги сунушталды

Жогорку Кеңеште Чек ара кызматын өлкөнүн түштүк аймагына которуу керектиги сунушталды

Эл өкүлдөрү чек ара маселелери боюнча Өкмөттүн жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат берүүнү талап кылышты

Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңеш жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында эл өкүлдөрү Баткендеги чек ара маселесин көтөрүштү.

Депутат Аида Касымалиева Баткендеги чек арага тарапташ айылдардагы акыркы окуяга токтолуп, Жогорку Кеңеш тарабынан бир топ тапшырмалар берилгенин, ошол иштерди аткарылышы жөнүндө парламентке маалымат берүүнү Өкмөттөн талап кылды.

Депутат Төрөбай Зулпукаров Баткендеги чек ара көйгөйүн улап, делимитация-демаркация боюнча өкмөттөр аралык комиссияга жер-шартын жакшы билген, элдин сый-урматына ээ болгон адамдарды киргизүү зарылдыгын айтты. Ошону менен катар эл өкүлү Жогорку Кеңештин берген тапшырмаларынын аткарылышы жөнүндө Өкмөттүн маалыматын угуу керектигин сунуш кылды.

Депутат Улан Примов Баткендеги чек ара айылдарында дагы чыр чыккандыгын айтып, бүгүнкү күндө Чек ара кызматы ошол тараптарга көчүп барып иштөөсү зарылдыгын белгиледи.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>