Жогорку Кеңеште мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жана келерки жылга болжолу каралып жатат

Жогорку Кеңеште мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жана келерки жылга болжолу каралып жатат

Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңеште 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатат.

 Анда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баяндама жасоодо.

«Өкмөттүн азыркы курамы келгенден тарта парламент тарабынан ар дайым  колдоо болуп келе жатат. Учурдагы баяндамада 2021-2022-жылдарга карата дагы маалымат берилет. 2019-жылдагы бюджеттин көпчүлүгү аймактарды өнүктүрүүгө  бөлүндү», — деди өкмөт башчы.

Эскерте кетсек, мурдагы финансы министри Адылбек Касымалиевдин өткөн жылдагы баяндамасы: 2019-2021-жылдарга карата негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча, 2019-жылы ички дүң продуктунун өсүшү – 4,0%ды (же номиналдык көрсөткүчтө 604 млрд 707,4 млн сом), 2020-жылы ИДП өсүшү – 4,4% деңгээлди (же 667 млрд 78,8 млн сом), 2021-жылы 4,2%ды (736 млрд 239 млн сом) түзөт.

«Республикалык бюджеттин киреше өлчөмү 2019-жылы – 168 млрд 308 млн сомду, 2020-жылы – 175 млрд 881 млн сомду жана 2021-жылы 182 млрд сомду түзөт. Буга катар бюджетти пландаштырууну жакшыртуу, бюджеттик тартипти күчтөндүрүү үчүн республикалык бюджеттин пайдасына сатуудан салык чегерүүнүн ченемдерин 2019-жылы – 50%га, 2020-жылы – 75%га, 2021-жылы – 100%га жогорулатуу сыяктуу сунуштар каралган. Мындан тышкары, 2019-жылы жергиликтүү бюджет пайдасына сатуудан салык чегерүүнүн ченемдерин – 50% дан 70%га, 2020-жылдан тарта – 85%га, 2021-жылдан тарта – 100%га жогорулатуу сунушталууда», – деген Касымалиев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>