Жогорку Кеңеште «Таза аба» долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу өтүп жатат

Жогорку Кеңеште «Таза аба» долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу өтүп жатат
Жогорку Кеӊеште депутаттар тобу тарабынан демилгеленген «Таза аба» долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу өтүп жатат. Иш-чарага депутаттар, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, адистер менен эксперттер катышууда.

Депутат Абдывахап Нурбаевдин айтымында, Кыргызстанда абанын булганышынан улам чыккан кесепеттер олуттуу көйгөйгө айланды, бул багытта шашылыш чараларды көрүү милдети турат. Ошондон улам, депутаттар тобу “Таза аба” долбоорун сунуштап, ага байланыштуу бир нече мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөргөн.

Ошондой эле, эл өкүлдөрүнүн сунушу менен “Абаны булгоонун булактары” жөнүндө изилдөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыктары талданып чыкканы белгилүү болду.

«Бул изилдөөнүн негизинде абанын булгануусуна жана айлана чөйрөгө терс таасирин тийгизген зыяндуу заттарды пайдаланууну азайтууга багытталган мыйзам долбоору иштелип жатат», — дейт баяндамачы.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, Бишкек шаарындагы абанын булгануусунун негизги булагы автоунаалардан бөлүнүп чыккан уулуу газ, үйлөрдө жагылган катуу отундун түтүнү, чаӊ менен таштандылар болуп саналат. Дүйнөлүк банктын изилдөөлөрүнө караганда, ордо калаанын, анын ичинде жаӊы конуштардын тургундарынын 40 пайызы катуу отунду пайдаланат. Алар жаккан мештер болжол менен отунду 20-30 пайызга көп талап кылат.

Андан тышкары, имараттар талаптагыдай жылууланбагандыктан, жылуулук энергиясын жоготуу 60 пайызга чейин жетүүдө. Эксперттердин айтымында, Евробирликтин курамына кирген өлкөлдөргө салыштырмалуу Кыргызстанда жылуулукту жоготуу өлчөмү 5 эсеге көптүк кылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>