Жогорку Кеңеште Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна байланыштуу мыйзам долбоору каралып, талкуудан алынды

Жогорку Кеңеште Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна байланыштуу мыйзам долбоору каралып, талкуудан алынды

Бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңеште Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна байланыштуу “Ысык-Көл” биосфера аймагында суу чыгаруу жана тазалоо курулмалары жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда каралып, талкуудан алынды.

Талкуудан алып салуу сунушун депутат Максат Сабиров берди.

Мыйзам долбоору “Ысык-Көл” биосфералык аймагын бирдиктүү экологиялык система катары сактоого багытталып, улуттук маанидеги өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймагынын статусун, флораны жана фаунаны коргоонун жана сактоонун маанилүүлүгүн эске алуу менен суу чыгаруунун жана тиричилик саркындыларынын айлана-чөйрөгө терс таасирин кыскартууга, Ысык-Көлдүн экосистемасынын булганышын болтурбоого багытталган.

Белгилей кетсек, сунушталган мыйзам долбоорунун 2-беренесине төмөндөгүдөй өзгөртүү сунушталган:

2021-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондусунун каражаттарын биринчи кезектеги тартипте төмөндөгүлөргө жөнөтсүн:

— комплекстүү тазалоочу курулмаларды куруу боюнча шаар куруу документтерин жана ТЭН (техника-экономикалык негиздеме) даярдоого;

— тиричилик саркындыларын тазалоо чөйрөсүндө жаңы технологияларды киргизүү боюнча техникалык жоболорду (стандарттарды) иштеп чыгууга;

— сууну агымдалоого жана тазалоо курулмаларынын объектилерин курууну этап боюнча каржылоого.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>