Жогорку Кеңеште жергиликтүү бийликтин жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралууда

Жогорку Кеңеште жергиликтүү бийликтин жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралууда

Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңеште жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралууда.

Демилгечилер – депутаттар тобу.

Демилгечилердин бири Акылбек Жапаровдун айтымында, Президенттин 2018-жылдын 10-январындагы “Аймактарды башкарууда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү иштеп чыгууда жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан.

«Башкы максат өлкөнүн аймактарын мамлекеттик башкарууда акимиаттардын ролун күчөтүү жана акимдерди дайындоо тартибин Конституцияга ылайык келтирүү, министрликтер менен башкаруу мекемелеринин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине карата акимдердин ыйгарым укуктарынын жоюу болуп саналат», — деди Жапаров.

Эске салсак, өткөндөгү талкуу жүрүшүндө депутат Кенжебек Бокоев жер ресурстарын башкаруу механизмдерин тактоо зарылдыгына токтолгон. Ал эми депутат Аалы Карашев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын реформалоого эбак эле мезгил жеткенин айтып, депутаттарды мыйзам долбоорун кылдат карап чыгууга чакырган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>