Жогорку Кеңештин жыйынында жумушсуздук Баткенде көп экени айтылды

Жогорку Кеңештин жыйынында жумушсуздук Баткенде көп экени айтылды

Жогорку адистикке ээ кыргыз жарандарынын чет өлкөгө кетүү агымын басаңдатуу максатында, аларды өлкө аймагында алып калуу, эмгек акысы жогору жумуштарга орноштуруу аракетин жасоо керек. Мындай сунушту бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Өкмөткө сунушташты.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 76 миң жумушсуз катталган, бирок ага ишенүүгө болбойт. Жумушсуздук Баткенде 9, Нарында 8,8, Ысык-Көлдө 8,4, Чүйдө 7,3 пайызды түзөт. Эмгек рыногунун автоматташтырылган маалыматтык тутуму жаңыдан ишке киргизилди, эми талдоо иштери жүргүзүлө баштайт. Азыр көбүнесе кара жумуштар сунушталып, маянасы орто эсеп менен 15 миң сомду түзөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>