Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси алмашты

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси алмашты

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Саматбек Ибраев  өз арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган кызматка Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун буйругу менен Алмазбек Сабырбеков дайындалган.

Саматбек Ибраев 2017-жылдын апрель айынан бери бул кызматты аркалап келген.

Алмазбек Сабырбеков буга чейин төрага Дастанбек Жумабековдун кеңешчиси, анын иш кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу кызматты аркалаган. Ал төраганын атынан ката жазылган катка байланыштуу былтыр март айында кызматтан алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>