Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөновдун агасы пара менен кармалды

Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөновдун агасы пара менен кармалды

Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөновдун агасы Бахтияр Төлөнов пара менен кармалганы кабарланууда. Бул тууралуу бир катар басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, аны Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери кармаган.

Ал Манас проспектиси менен Жибек жолу көчөсүнүн кесилишиндеги кафеден 800 доллар пара алып жатканда колго түшкөн.

Бахтияр Төлөнов Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык кеңеш берүү борборунун директорлук кызматын ээлеп турган.

Данияр Төлөнов Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү  

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>