Кырккелди Кыдырбаев Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына шайланды

Кырккелди Кыдырбаев Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына шайланды

Жогорку Кеӊеш жыйынында  президент тарабынан талапкерлиги сунушталган Кыдырбаев Кырккелди Жумалиевич депутаттардын 55 «макул», 2 «каршы» добушу менен Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына жаңы шайланган Кырккелди Кыдырбаев парламентте ант берип, өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти.

Кыдырбаев буга чейин Президентине караштуу кечирим берүү маселелери боюнча комиссиясынын башчысы болуп эмкектенип келген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>