Жогорку Кеңеште жаңы министрлер ант беришти

Жогорку Кеңеште жаңы министрлер ант беришти

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңеште Өкмөттүн аппарат жетекчиси Самат Кылжыев, экономика министри Санжар Муканбетов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Дастан Догоев ант берди.

Ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков да катышты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков министрлердин ишине ийгилик каалады.

Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков ант эң чоң жооперчилик экенин айтып,  жаңы министрлерди антты бекем тутууга чакырып кетти.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>