Жогорку Кеӊештин депутаттары эс алууга тарады

Жогорку Кеӊештин депутаттары эс алууга тарады

Жогорку Кеӊештин 27-июнда өткөн жыйыны менен, VI чакырылыштын  V сессиясы өз ишин аяктады. Бул тууралуу парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков жыйын соӊунда  расмий жарыя кылды.

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, кыргыз парламентинин депутаттары 1-июлдан тарта өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алпарышат. Ал эми август айында эмгек өргүүсүндө болушмакчы.

Жогорку Кеӊештин келерки сессиясы, мыйзам талабына ылайык, сентябрь айынын алгачкы жумушчу күнүндө өз ишин баштоого тийиш.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>