Жогорку сот толугу менен карантинге жабылды

Жогорку сот толугу менен карантинге жабылды

Жогорку сот 6-апрелден 13-апрелге чейин карантинге жабылып, ишин толугу менен токтотту. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Сот отурумдарынын графигин билүү үчүн үйдөн чыкпастан соттун каттоо бөлүмүнө телефон аркылуу кайрылса болот.

Жогорку сотко өткөрүлүп берилген иштер жөнүндө 0 312 66-35-01 (кылмыш иштери үчүн), 0 312 66-34-29 (административдик жана экономикалык иштер үчүн) жана 0312 66-30-40 же 62-19-29 (жарандык иштер боюнча) телефон номурлары аркылуу маалымат берилет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>