Жол эрежелерин бузуу боюнча айып пулдун баасы 3 миң сомдон 1 миң сомго түшүшү мүмкүн

Жол эрежелерин бузуу боюнча айып пулдун баасы 3 миң сомдон 1 миң сомго түшүшү мүмкүн

Кыргыз Өкмөтү Ички иштер министрлигинин  жол кыймылынын бир нече эрежелерин бузуу боюнча  айып пулдун көлөмүн азайтуу демилгесин колдойт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.

Ал Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларды, сот-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган чечимдерди талдоо боюнча мекемелер аралык жумуш топтун жыйынында айтты.

Вице-премьер-министр жарандарынын көптөгөн кайрылууларынын негизинде өзгөртүүгө сунушталып жатканын белгиледи.

 «Бизге коомчулуктан, Жогорку Кеңештин депутаттарынан, айдоочулардан айып пулдардын бир нечесин азайтуу боюнча жетишээрлик кайрылуулар келип түштү. Биздин жумушчу топ келип түшкөн сунуштардын негизинде  эреже бузуунун 8 түрү боюнча айып пулду азайтууга макул болду», — деди Жеңиш Разаков.

Жол кыймылын төмөнкү категориялары боюнча айып пулдун көлөмүн азайтуу сунушталууда:

  • Жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы;
  • жолдун жүрүүгө уруксат берилген бөлүгүндөгү белгилердин талаптарын аткарбагандыгы (кууп келип, ашып кетүү же каршы тилкеге чыгып манёвр жасоо сындуу эрежелерди бузуу фактыларын кошпогондо);
  • унааны туура эмес жерге токтотуу боюнча эрежени бузуу;
  • коопсуздук дистанциясын жана аралыкты сактабай, автомагистралдар боюнча жол эрежелерин бузуу;
  • светофордон уруксат берилбеген учурда стоп-сызыгынын алдына токтоо, көрсөтүлгөн жол белгилерин же өтүүгө уруксат берилген жолдун бөлүгүнөн Жол кыймылынын эрежелерин сактабай өтүү;
  • ашып өтүү боюнча эрежени бузуу;
  • сырткы жарык берүүчү приборлорду же эскертүүчү сигналдарды колдонууда эреже бузуу.

Жогоруда тизмектелген эреже бузуулар боюнча айып пулдун көлөмүн 3000 сомдон 1000 сомго чейин төмөндөтүү болжолдонууда.

Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө жүргүзүлгөн сот-укуктук реформанын алкагында жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды иштеп чыгуу боюнча 4 маселе каралды. Анда мамлекеттик бийлик органдары системасындагы укук коргоо органдарынын орду жана ролу, белгиленген укуктук негиздер, принциптер, коюлган тапшырмалар жана аткарууну уюштуруу иштери башкы максат болгон «Кыргыз Республикасынын  укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун концепциясы негизи маселе болуп эсептелет.

Тагыраак айтканда, келечекте укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү бирдиктүү мыйзам менен гана жөнгө салынат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>