Жол коопсуздук кызматкерлери эреже бузган айдоочуга курал колдонушту

Жол коопсуздук кызматкерлери эреже бузган айдоочуга курал колдонушту

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери эреже бузган айдоочуга курал колдонушту. Бул тууралуу аталган түзүмдөн билдиришти.

Маалым болгондой, 13-октябрь күнү Бишкек—Нарын—Торугарт автожолунда инспекторлор “Дэу Нексия” унаасы менен нөөмөттө турушкан. Саат 18:15 чамасында “Лексус GX-470” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу телефон менен унаа башкарып  бара жатканыдыг үчүн кызматкерлер аны токтотушкан.

Бирок айдоочу кызматкердин талабын аткарбай каршы тилке менен жогорку ылдамдыкта айдап кеткендиктен анын артынан кызматтык унаа кууп жөнөшкөн.

Кызматкерлер аталган унааны кууп жетип, бир нече жолу токтотууга аракет кыганына карбай айдоочу токтогон эмес. Мындан улам кызматкерлер унааны атайын токтотуу үчүн табелдик курал колдонуп асманга андан соң дөңгөлөккө ок чыгарган.

Дөңгөлөктөр керектен чыккандан кийин унаа токтогон. Инспекторлор айдоочудан унаадан чыгуусун талап кылганда ал карышылык көрсөтүп, кызматкерлердин куралын тартып алууна аракет кылган. Мындан улам инспекторлор айдоочуга ок чыгарышкан.

Андан соң  жабыркаган 28 жаштагы М.У.Х. аттуу айдоочуну Ысык-Ата районунун аймактык ооруканасына жеткиришкен.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>