Жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы 32, 5 млн сомго унаа сатып алат

Жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы 32, 5 млн сомго  унаа сатып алат

Жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 32 млн 560 миң сомго 40 даана кайгуул унаасын сатып алуу үчүн тендер жарыялады.

Сынактын талаптары бүгүн, 17-февралда мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылып, арыздар 10-мартка чейин кабыл алынары айтылган.

Көрсөтүлгөн талап боюнча сатылып алына турган унаалар 5 орундуу, сол рулдуу, ак түстө болуп, бензин менен жүрүшү керек. Кепилдик мөөнөтү – 3 жыл болууга тийиш.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>