Жол тандабастар катышкан кырсыктын чоо-жайы айтылды

Жол тандабастар катышкан кырсыктын чоо-жайы айтылды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы  Бишкектеги эки жол тандабас катышкан кырсыктын чоо-жайы тууралуу маалымат таратты.

Мекемеден билдиргендей, окуя 14-январь күнү болжол менен саат 17.30 чамасында Масалиев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Анда, 27-жаштагы адам башкарып бараткан “Лексус-470” үлгүсүндөгү унаа 44 жаштагы жарандын башкаруусундагы “Тойота-Ландкрузер” унаасы менен кагылышкан.

Жол кырсыгынын кесепетинен  “Лексус-470” унаасынын айдоочусу жана эки жүргүнчүсү жаракат алып ооруканага кайрылышкан.

Кырсыктын видеосу буга чейин Телеграммдагы “Короче” каналына жүктөлгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>