ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуу башталды

ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуу башталды

Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.

Кабыл алуунун биринчи туру 8-15-июль күндөрү болот. Экинчи тур 15-20-июлда өтсө, бош орундарга үчүнчү тур Билим берүү министрлигинин чечими менен 22-27-июлга белгиленет.

Жогорку окуу жайларына абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынат. Эң төмөнкү балл 110 болсо, предметтер боюнча 60 баллды түзөт.

Өлкө боюнча быйыл 11-классты 65 миң, ал эми 9-классты 96 миң окуучу аяктады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>