Жугуштуу илдеттер ооруканасына коронавирус жуктурган бейтап түштүбү? Министрликтин жообу

Жугуштуу илдеттер ооруканасына коронавирус жуктурган бейтап түштүбү? Министрликтин жообу

Коронавирус илдетин жуктурган бейтап жугуштуу илдеттер ооруканасына келип түштү делген кабар WhatsApp аркылуу тарап жатат.

Анда белгисиз аял өзүн оорукананы кызматкер катары айтып, элди коопсуздук чараларын сактоого чакырат.

“Бет кап сатып алгыла, үйлөрдү хлор менен жууп-тазалагыла. Жаш балдарды ары бери ташы, көчөгө көп чыкпагыла. Үйдөн гана тамактангыла”, — деп сүйлөгөнүн угууга болот.

Саламаттык сактоо министрлиги жогорудагы маалыматты четке кагып, өлкө  аймагында коронавирус менен ооругандар катталбаганын билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>