Жумабеков: Кыргызстан-Түркия ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд долларга чейин жеткирүүнү көздөп жатабыз

Жумабеков: Кыргызстан-Түркия ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд долларга чейин жеткирүүнү көздөп жатабыз

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков 15-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен эки тараптуу жолугушууларду өткөрдү. Анда Кыргызстан-Түркия достук алакаларын бекемдөө тууралуу сөз болду. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтына жарыяланды.

Стамбул шаарында Жумабеков жана Жогорку Кеңештин депутаттары Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Шентоп менен парламенттер аралык кызматташуу маселелери боюнча кеңири форматта сүйлөшүү өткөрдү.

Жолугушууларда кыргыз тарап Түркия менен соода-сатык байланыштарын өнүктүрүү, Түркияга айыл-чарба өнүмдөрүн, айрыкча эт азыктарын экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү, инвестиция жана мадания-гуманитардык кызматташуу маселелери козголду.

“Буга чейин Кыргызстан менен Түркия бийик деңгээлдеги жолугушууларда эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн 1 млрд долларга чейин жеткирүү максатын койгон. 2018-жылы товар жүгүртүү көрсөткүчтөрү 394,5 миллион долларды түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 10,8 пайыздан ашкан. Бирок, эки өлкөнүн парламенттери соода-сатык байланыштарыбызды мындан дагы ыкчам темпте өнүктүрүүгө өзүбүздүн салымыбызды кошушубуз керек. Бул маселени мен урматтуу президент Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушканда да баса белгиледим”, — деди төрага.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттардын Түркияга болгон расмий сапары 15-июлдан 18-июлга чейин уланмакчы. Парламенттик делегациянын курамында депутаттар Алмазбек Акматов, Искандер Гайпкулов, Зиядин Жамалдинов, Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаев, Талант Мамытов бар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>