Журналист Каныкей Жунусова Нарын облустук медиа борборуна жетекчи болду

Журналист Каныкей Жунусова Нарын облустук медиа борборуна жетекчи болду

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругуна ылайык, Каныкей Жунусова Нарын облустук медиа борборунун башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Каныкей Жунусова 1974-жылы туулган. Билими жогорку. И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетин аяктаган.

Ал, 1998-2005-жылдары Нарын облустук телерадиокомпаниясында диктор, 2005-2013 -жылдары КТРКнын “Ала-Тоо” маалымат программасынын кабарчысы болуп иштеген. Ал эми, 2013-жылдан баштап, “Ала-Тоо 24” каналынын эфирине жооптуу редактор болуп иштеп келе жаткан.

Өткөн жылдын соңунда аймактардагы ЖМКларды реформалоонун алкагында аймактардагы 46 гезит-журнал жоюлуп, ар бир облуска медиа борбор түзү иштери башталган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>